КОЧКОРДОГУ ЭC-УЧУН ЖОГОТКОН ОКУУЧУЛАРДЫН АНАЛИЗДЕРИ ЧЫКТЫ

  • 24.01.2018
  • 0

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Туз айылындагы эски көрүстөндүн үстүнө салынган делген Сайнап Жунушалы кызы атындагы орто мектебинин курулуш каражаттары текшерилип, андагы эс-учун жоготуп жыгылып жаткан окуучулардын анализи чыкты. Бул тууралуу Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган мектептин имаратында жагымсыз жыт пайда болуп, окуучулардын айрымдары баш оорудан эсин жоготуп жыгылган учурлар катталган. Мындан улам мугалимдер тиешелүү органдарга мектептеги жагдай тууралуу арыз жазышкан. Мектеп 2005-2006-жылдары Корея мамлекети тарабынан жардам иретинде 250 балага ылайыкталып курулган. Мугалимдердин айтымында, имаратты тез салып бүтүрүүчү атайын курулуш каражаттары пайдаланылып, кышкысын от жакканда жылытуучу полдон башты оорутуучу жыт чыгышы мүмкүн.

Жергиликтүү бийликтин тапшырмасы менен эс-учун жоготуп жыгылган окуучуларды медициналык кароодон өткөргөндө, алардын экөөсү аз кандуулук, бирөө тубаса жүрөк оорусу менен, бир окуучу аллергиялык мүнөздөгү бронхит, үч окуучу аллергиялык коньюктивит менен жабыркай тургандыгы аныкталган. Ал эми мектептин курулуш материалдарын текшерүүнүн жыйынтыгында таза экендиги боюнча жооп келген. Мындай жоопко канааттанбаган Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тиешелүү эксперттер жеринде текшерсин деп талап кылып, кайрылуу жолдошту. Учурда мектепте абал тынч, билим берүү улантылып жатат.КОЧКОРДОГУ ЭC-УЧУН ЖОГОТКОН ОКУУЧУЛАРДЫН АНАЛИЗДЕРИ ЧЫКТЫ

Бөлүшүү

Комментарийлер