КОЧКОР РАЙОНУНДА БИЛИМ БЕРҮҮ ИШТЕРИН УЮШТУРУУ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТТҮ

  • 17.12.2020
  • 0

16-декабрда Нарын облусунун Кочкор районунун Н. Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында Краснореченка жана Дмитриевка атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернаттарынын балдары жайгаштырылган мектептердин директорлору, класс жетекчилер жана социалдык педагогдору үчүн “Жалпы билим берүүчү мектептердин инклюзивдик класстарында билим берүү иштерин уюштуруу маселелери” семинары өттү.

Семинар Билим берүү жана илим министрлигинин жардамы менен “Балдардын Укугун Коргоочулардын Лигасы” коомдук фонду тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаттары – бул катышуучуларга интеграцияланган балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрү жана өзгөчө билим берүү муктаждыгы бар балдар менен иштөө методикасы жөнүндө маалымат берүү.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер