КОЧКОР РАЙОНДУК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ
- 01.12.2020
- 0
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Турсунбек Бактыгулов дайындалды. Т.Бактыгулов Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара Мойнок айылында 1978-жылы 7-октябрда жарык дүйнөгө келген.
1985-1995-ж. Кочкор районундагы азыркы Ишенаалы Абылгазы уулу атындагы орто мектебин аяктагандан кийин, 1995-1999-ж. Ж.Баласагын атындагы КМУУнун Математика, информатика жана кибернетика факультетинин күндүзгү бөлүмүн аяктаган.
Эмгек жолун 2000-жылы Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебинде математика жана информатика мугалими болуп баштаган. 2003-2006-жылга чейин Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебинде окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгына көтөрүлүп, жигердүү иштеген. Ал эми 2006-2010-жылдары Кочкор районундагы Арзымкан Бостонов атындагы Семиз-Бел орто мектебинде директорлук кызматка дайындалып, 2010-жылдан 2020-жылга чейин Кочкор районундагы Сагындык Өмүрбаев атындагы орто мектебинде директорлук кызматта иштеп келген. Билим берүү тармагында 20 жылдан бери талыкпай иштеп келатат. Билим берүүнүн отличниги. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»
Комментарийлер