КМУнун ТЕОЛОГИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН СТУДЕНТТЕРИ ТҮРКИЯГА БАРЫП КЕЛДИ

  • 04.04.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Теологиялык колледжинин директору Н.Шамралиев баш болгон колледждин алдыңкы студенттери жана мугалимдери Түркиянын Анкара шаарындагы Кадир ЧЫРАКОГЛУ жетектеген Тейфик Илери Имам Хатип окуу жайында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба топтоп келишти.

Бул программанын максаты инновациялык методдорду колдоно билүү, заманбап технологиялар менен таанышуу жана колдонуу, маданий жана тарыхый баалуулуктарды эске алуу менен бирге теологиялык орто кесиптик билим берүүдө жаңы муунду татыктуу тарбиялоо жана сапаттуу билим берүү болуп саналат. Студенттер кесиптик, гуманитардык жана так илимдер боюнча сабактарга катышып, лабораториялык чөйрөдө тажрыйба топтоп, алган билимдерин тереңдетип келишти.

Иш-чаранын алкагында Теологиялык колледждин директору Нурбек Болотович, Түркиянын Билим берүү министрлигинин Диний билим берүү башкы башкармалыгынын башчысы Мехмет НЕЗИР ГУЛ, Гуманитардык билим берүү университетинин ректору Муса КАЗЫМ АРЫЖАН менен теологиялык орто кесиптик билим берүү боюнча пикир алмашышып, Анкара шаарынын КЕЧИ ӨРЕНдин мэри Тургут АЛТЫНОК менен жолугушуп, конок болушту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер