КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖАПОНИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

  • 01.02.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунун “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистиги боюнча билим алган 13 студент Жапониянын ресторандарында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖАПОНИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

Окуу жайда “Коомдук тамактануу азыктарынын технологиясы” адистиги 2022-жылы ачылган. Учурда эки курс ийгиликтүү билим алууда. Студенттер үчүн бул адистик ачылгандан бери практикалык сабактарды Жапониядан келген волонтёрлор өтүп, жапон ашканасын даярдоонун негиздерин үйрөтүштү. Эми жапон өнөктөштөр Жапониянын ресторандарында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн беришти.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖАПОНИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

2-курстун 13 студенти Жапонияда бир жыл окуп, стажировкасынан өтүшөт. Кыздар Окинава префектурасынын Ишигаки шаарындагы Фусаки Бич Resort мейманканасынын ресторанында, ал эми эркек балдар Каруизава префектурасынын Каруизава шаарындагы Принс мейманканасындагы ресторанда стажировка өтөт.

КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ ЖАПОНИЯДА ТАЖРЫЙБА ТОПТОЙТ

Жыл ичинде стажёрлор жапон тамактарын жасоону үйрөнүүгө жана эң негизгиси жапон тилин өркүндөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышат.

Жапония тарап студенттерди турак-жай жана тамак-аш, бардык социалдык жана медициналык жактан камсыздайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер