КМУНУН СТУДЕНТТЕРИ КАЗАКСТАНДА БИЛИМ АЛУУДА

  • 01.03.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык  мамилелер факультетинин студенттери Казакстандын Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында окуп жатышат.

Бул эки окуу жайдын кызматташуу тууралуу келишимине ылайык студенттер жазгы семестрди акысыз окуп келишет. Казакстан тараптан студенттер жатакана менен камсыз кылып берди.

Эске салсак, 2020-жылы факультеттин жети студенти Нур-Султандагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде бир ай окуп, тилекке каршы, өлкөдө карантин жарыяланганда кайра кайтып келишкен.

Бөлүшүү

Комментарийлер