КМУНУН СПОРТТУК ЗАЛДАРЫ КАПИТАЛДЫК РЕМОНТТОН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 06.04.2022
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун №3 корпусундагы спорттук залы капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди.

Спорт залдын ремонттон кийинки абалы менен окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов, чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков таанышып чыкты. Эске салсак, КМУда эки чоң спорттук зал бар. Учурда бир зал толук ремонттолуп, жуунучу жай, окутуучулардын бөлмөсү кошо ремонттолду. Жакында окуу жайдын башкы корпусунда жайгашкан экинчи спорттук залда капиталдык ремонт иштери башталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер