КМУнун РЕКТОРУ ЖАМААТТАН ТАТЫКТУУ ИШТИ ТАЛАП КЫЛАТ

  • 08.12.2021
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУда ректораттын кезектеги жыйыны болуп, анда окуу жай жетекчиси Абдырахманов Төлөбек айрым курам жетекчилеринин ишине канааттанбай, татыктуу иштөөнү талап кылды.

Ректор жана проректорлордун курам жетекчилери менен болгон отчёттук жыйын университетте жума сайын өтүп турат. Ар бир жыйында курам жетекчилеринин бардыгы ректорго аткарып жаткан иштери туурасында маалымат берүүгө тийиш.  Айрым курам жетекчилеринин отчётуна ыраазы болбогон ректор мындан ары окуу жайда бардык ишти күчтөнтүүнү, окуу иштерин күн сайын жакшыртууну талап кылып, проректорлорго, курам жетекчилерине бир топ тапшырмаларды берди.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер