КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШУУДА

  • 25.02.2020
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика  факультетинин профессор-окутуучулар курамы региондордогу мектептерди кыдырып, мугалимдер, окуучулар менен жолугушууларды өткөрүүдө.

КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШУУДА

Жакында эле бир жолугушуу Чүй областынын  Чүй районундагы “Кегети” орто мектебинде өттү. Башталгыч мектепте кыргыз, орус тилдерин  окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору Б.Чокошева студенттер менен бирге мектептин директору жана башталгыч класстардын мугалимдери менен жолугушту. Бул мектепте Кыргыз Эл  жазуучусу Насирдин Байтемиров, КР ЖК экс-депутаты, коомдук ишмер Муратбек Мукашев, окумуштуулар Аскар Турсунов, Султан Мамбеткалиев, Искендер Исамидинов  сыяктуу белгилүү инсандар окушкан.

КМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ МУГАЛИМДЕР МЕНЕН БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАСЕЛЕЛЕРИН ТАЛКУУЛАШУУДА

Мектептин окуу кабинеттери талапка ылайык жасалгаланган. Өзгөчө орус тили жана адабияты, биология кабинеттери жогорку деңгээлде уюштурулган. Айылдан чыккан белгилүү инсандардын өмүр жолун чагылдырган музейи бар.

Б.Чокошева КР Эл мугалими С.Абдырахманова жана башталгыч класстардын мугалимдери менен башталгыч билим берүүнүн маселелери, окуу китептеринин түзүлүшү жөнүндө аңгемелешти. Мектептин директору А.Сатыбалдиева ыраазычылыгын билдирип, жакында өтө турган мектептин 100 жылдык юбилейине катышууга чакырды  жана мындан ары дагы факультет менен мектептин байланышын чыңдап, ушундай жолугушууларды, семинарларды өткөрүп турууну, студенттерди педагогикалык практикасын өтүүгө жиберип турууну сунуштады.

Бөлүшүү

Комментарийлер