КМУДА ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

  • 23.12.2019
  • 0

20-декабрда И.Арабаев атындагы КМУда бардык шарттары бар, заманбап техникалык каражаттар менен жабдылган үч кабаттуу cанариптештирилген илимий китепкана ачылды.

КМУДА ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Салтанатка И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Төлөбек  Абдырахманов баштаган окуу жайдын жамааты, Маданият жана маалымат министрлигинин орун басары Нуржигит Кадырбеков, бир катар  коомдук ишмерлер, илимпоздор, агартуучулар, китепканалардын жетекчилери жана Москвадан келген кадырлуу коноктор, тактап айтканда,  Москванын мамлекеттик педагогикалык университетинин илимий китепканасынын өкүлдөрү катышышты.

КМУДА ЗАМАНБАП КИТЕПКАНА АЧЫЛДЫ

Китепкана Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында кайрадан жасалып, оңдолду. Имарат буга чейин бир кабаттуу болуп, эскилиги жетип, жер төлөсүн суу каптап кеткен.

  • Буга чейин китепкананын имараты университеттин уяла турган жери болчу. Эми биз сыймыктана турган китепканага айланды. Бир кабаттын ордуна үч кабат болуп тургузулду. Негизи университетте жети китепкана бар. Бул жаңы китепкана университеттин ошол китепканаларынын баарын бириктирген, ар тараптан санарипештирилген борбордук китепканасы болот. Бардык бөлүмдөр компьютер, тийиштүү техникалык каражаттар менен камсыздалды. Он-лайн режимде иштейт. Вай-фай үзгүлтүксүз болот. Экинчиден, Москванын биз менен кызматташып жүргөн чоң-чоң университеттеринин китепканалары менен түз байланышта болот. Москванын атактуу мурунку Ленин атындагы китепканасы менен дагы көп жылдан бери кызматташып келе жатабыз, ошол жактан кандидаттык, докторлук диссертацияларды, монографияларды электрондук түрдө алып турабыз. Андан сырткары биздин университеттеги бардык диссертациялык кеңештерде корголгон эмгектердин электрондук түрү дагы топтоштурулат, — дейт ректор Төлөбек Абдырахманов.

Китепканага кызмат көрсөтүүнүн он-лайн системасы киргизилет. Башкача айтканда, эми республиканын башка аймактарынан жарандар китеп издеп борборго келип убара болбостон он-лайн режими аркылуу буйрутма берип, керектүү китебин же материалын алып алса болот.

  • Биз азыр Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен дагы байланышып жатабыз. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги журналдардын электрондук версиясын бергени жатышат. Мисалы, “Түркстанский ведомость” деген тарыхчылар үчүн аябай маанилүү журнал бар, ошону алып жатабыз, — дейт жетекчи.

Китепкананын экинчи өзгөчөлүгү — суткасына он эки саат иштейт. Кечки тогузга чейин университеттин эле студенттери эмес, Бишкектин жашоочулары дагы келип, кызматынан пайдаланса болот. Азырынча сырттан келгендер үчүн китепкана акысыз кызмат кылат, бирок бара-бара акы төлөөчү негизге өтөт.

Заманбап китепкана университеттин ички каражатынан курулса, ичин жабдууга кеткен бир миллион сомго жакын каражатты демөөрчүлөр көтөргөн. Анын ачылышына карата университет 1,5 млн. сомго жаңы китептерди сатып алды.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер