КМУДА СТУДЕНТТЕРДИН ТЕАТРЛАШТЫРЫЛГАН ОЮН-ЗООК КЕЧЕСИ ӨТТҮ

  • 22.12.2021
  • 0

20-декабрда И. Арабаев атындагы КМУда студенттердин театралдаштырылган оюн-зоок кечеси өтүп, ар бир факультеттин студенттери өздөрү даярдаган оюндарын көрүүчүлөргө тартуулашты.

Студенттердин өнөрүн баалаш үчүн калыстар тобу иш алып барды. Анын  төрайымы болуп университеттин Жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбекова, магистратура бөлүмүнүн башчысы Магира Амердинова жана жаштар комитетинин башчысы Азамат Айдаров студенттердин эмгегин баалашты.

Жыйынтыгында биринчи орунду Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин студенттери багындырса, экинчи орунга көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенттери ээ болушту. Иш-чарага катышкан бир да команда куру кол калган жок. Ардак грамота жана сертификаттар менен сыйланышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер