КМУДА  БИЛИМ ТАЙМАШЫ БОЛУП ӨТТҮ

  • 27.12.2021
  • 0

 25-декабрда И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин студенттеринен куралган “Билге” студенттик уюму кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсаны Ж.Абдырахмановдун 120 жылдыгы жана өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган мектеп окуучулары ошондой эле жогорку окуу жайлар аралык билим таймашын өткөрдү.

Оюнга жалпы 33 команда катышты. Командалардын арасынан үч команда мектеп окуучуларынан куралган команда болсо, калгандары ЖОЖдордо билим алып жаткан студенттер.

Жыйынтыгында алдыңкы орундарды төмөнкү командалар ээлешти:

1-орун: Кыргыз Түрк “Манас” университетинин “Манас” тобу;

2-орун: Кыргыз Түрк “Манас” университетинен “Санжыра” тобу;

3-орун: Академик Үсөнгазы Асаналиев атындагы Тоо-кен институтунун “Чоролор” тобу.

Ал эми калыстар тобунун чечимине ылайык,   “Мыкты оюнчу” номинациясына КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик  башкаруу академиясынын студенти Сыдыгалиев Рысбек ээ болду. Иш-чаранын соңунда жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер