КМУДА АНГЛИС ТИЛДҮҮ МУГАЛИМДЕР ДАЯРДАЛУУДА

  • 22.02.2024
  • 0

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде башталгыч класс, математика жана химия сабагы боюнча англис тилдүү мугалимдер даярдалууда. Бул тайпалар жаңы окуу жылында эксперимент катары ачылды. Сабактар жалаң англис тилинде өткөрүлүп, студенттер кошумча англис тилин өздөштүрүүдө.

КМУДА АНГЛИС ТИЛДҮҮ МУГАЛИМДЕР ДАЯРДАЛУУДА

— Республиканын аймагында англис тилинде ачылган орто мектептердин кадрдык муктаждыгын чечүү максатында үч педагогикалык багытта эксперименталдык окуу планды Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашып, англис тилинде сабак бере алган кадрларды даярдоо колго алынды. Учурда жыйырма бештен ашык студентти окутуп жатабыз. Аларга мүмкүн болушунча заманбап шарттарды түзүп, материалдык-техникалык базасын чыңдап бердик. Окутуу акыркы үлгүдөгү, заманбап техникалар менен жабдылган кабинеттерде жүргүзүлөт. Окуу китептери менен студенттер университет тарабынан камсыз болгон, — дейт университеттин ректору Айгүл Абдраева.
Бул тайпаларда окуган студенттердин окуу акысы башкалардыкындай эле. Контингенти болсо ар тараптуу. Шаардык мектептерден, алыскы региондон келгендер да бар.
Эксперименталдык группага студенттер бир нече этап менен тандалып алынды. Алгач абитуриенттер өздөрү жөнүндө маалымат беришсе, андан кийин тил билүү деңгээлин (минималдык денгээлде) аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Тандалып алынган таланттуу, алдыга умтулган, келечектүү талапкерлер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, окуу мөөнөтү бүткөнчө эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу макулдашылды. Алардын ата-энелери менен да жолугушуулар болуп, түшүндүрүү, маалымат берүү иштери жүргүзүлдү.
— Учурда бардык сабактар англис тилинде өтүлүүдө. Алгач студенттерге кыйын болду. Англис тилинде эркин сүйлөгөн окутуучуларды табуу да оңойго турган жок. Окутуучулардын ар бири менен өз алдынча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эмгек аксына кошумча үстөк кошуп берүү сунушу менен жумушка алдык. Учурда бардык дисциплиналар боюнча окутуучулар жетишүү. Ошол эле учурда бул студенттерге англис тили боюнча акысыз кошумча сабактар өтүлүүдө. Англис тилинин деңгээлин мындан да өстүрүү үчүн тилди алып жүрүүчүлөрдү (носителдер) жана волонтерлорду тартуу аракеттери көрүлүүдө. Буюрса, жакын арада бул маселе чечилет, — дейт жетекчи.
Студенттер англис тилин жакшы өздөштүргөндөн кийин окуу жай менен түзүлгөн Венгриядагы Кароя Эстерхази (Эгер шаары) университетине жана Будапешттеги Метрополитен университетине академиялык мобилдүүлүк программасы боюнча жарым жылдан барып окуп келишет.
Окуу жайда мындан сырткары да заман талабына ылайык жаңы адистиктер ачылууда. Мисалы, дин таануу, юриспруденция, кинооператор, дарылоо иши, программалык инженерия (бир нече профилдери менен), интернет технологиялары жана башкаруу, прикладдык информатика, маалымат тутумдары жана технологиясы (магистратура). Бул адистиктерде окуган студенттер дагы эл аралык жана республикалык денгээлдеги академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча окуп келишет. Буга чейин дагы ички мобилдүүлүк боюнча окуу жайда Кыргызстандагы бир нече жогорку окуу жайлардан келип, студенттер билим алса, жакында эле 15 студенти Казакстандын Астана шаарындагы Гумилев атындагы Евразиялык университетине, дагы эки студенти Россиянын Балтика федералдык университетине жөнөтүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер