КМУДА  АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТҮҮДӨ

  • 18.04.2022
  • 0

И. Арабаев атындагы КМУда жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган мектептердин бүтүрүүчүлөрү, алардын ата-энелери жана мектептердин мугалимдери үчүн ачык эшиктер күнү өттү.

Борбор калаа Бишкек шаарындагы мектептерден жана алыскы-жакынкы райондордон келген мектеп бүтүрүүчүлөрү алгач университеттин билим берүү багыттары боюнча ачык асман алдына уюштурулган көргөзмө менен таанышып чыгып, андан соң университеттин чыгармачыл жаштары тарабынан уюштурулган концерттик программага күбө болушту.

Университеттин биринчи проректору Айгүл Абдраева иш-чарага келген окуучуларга ыраазычылык билдирип, бүтүрүүчүлөрдү КМУну тандоого чакырса,  университеттин окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов  конокторго окуу жайдын тарыхы, адистиктер, багыттар боюнча маалымат берип, бүтүрүүчүлөрдү өз кесибин жаңылбай, туура тандоого чакырды.

Белгилей кетсек, КМУ заманбап материалдык-техникалык база менен камсыздалган алты окуу имаратында билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Университеттин курамы орто кесиптик билим берүүчү үч колледжден, жогорку кесиптик билим берүүчү 18 факультеттен жана ЖОЖдон кийинки магистратура, аспирантура, докторантура билим берүү түзүмдөрүнөн турат.

Андан сырткары усулдук кааналар, окуу лабораторияларык кабинеттер, интерактивдик доскалар, 3D мониторлор, видеокѳзѳмѳл орнотулган лекциялык залдар, атайын адистештирилген окуу лабораториялары, интернет түйүнүнѳ туташтырылган компьютердик класстар, студенттик ашканалар, студенттик жатакана, спорт зал, спорт аянтчалары, тренажердук-машыктыруучу кабинеттер студенттердин татыктуу билим алуусун камсыз кылат.

Заманбап шарттагы электрондук китепкана жана 500 орунду жыйындар залынан турган маданий-эстетикалык борбор студенттердин татыктуу билим алып, кесиптик тажырыйбасын өнүктүрүү үчүн пайдаланылып келет.

Бүгүнкү күндө университетте 15000ге жакын  студент билим алууда.

Окуу процесси толугу менен автоматташтырылып, окуу жайдын сайты аркылуу ата-энелерге өз балдарынын жетишкендиктерин аралыктан көрүп турууга шарттар түзүлгөн.

Бүтүрүүчүлөр үчүн ачык эшиктер күнү мындан ары да уланат.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер