КМУ Жапония менен кызматташтыгын кеңейтүүдө

  • 01.07.2024
  • 0

И.Арабаев атындагы КМУга Япониядан делегация келди. Жолугушууга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгул Чалданбаева, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, ректордун кеңешчиси Мичинори Ёцухаши катышты.

КМУ Жапония менен кызматташтыгын кеңейтүүдө

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жогорку билим берүү жаатында жигердүү иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Кыргыз-япон жолугушуусу маданий программа менен коштолуп, окуу жайдын музейине экскурсия жана япон тилинде уюштурулган концерттик номерлер менен коштолду.

Эки университеттин ортосундагы кызматташууга Кыргызстандын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эркинбек Осоев колдоо көрсөткөн.

КМУ Жапония менен кызматташтыгын кеңейтүүдө

Буга чейин окуу жайдын өкүлдөрү: илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, спорт жана жаштар иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова кызматтык иш сапар менен Японияга барган.

Иш сапардын алкагында Япониядагы жогорку окуу жайларда бир нече жолугушуулар уюштурулуп, алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен жеринен таанышып, келечектеги ар тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер