КМУ ТЕЛЬ-АВИВ УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 14.05.2022
  • 0

КМУнун биринчи проректору Айгүл Абдраева Тель-Авив университетинин докторанты Кундуз Ниязова менен жолугушту.

Жолугушууда «Kyrgyz modern history» журналын чыгаруу жана Тель-Авив университетинин илимий изилдөөчүлөрү менен биргеликте проектилерди ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Андан сырткары Тель-Авив университети менен жакындан тыгыз кызматташууну арттыруу жана ошондой эле КМУга PhD докторантурасын киргизүү боюнча сөз болду.

Жолугушууга КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Жеңиш Бексултанов, эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы Аниса Бөрүбаева, тарых илимдеринин кандидаты, КМУнун доценти Гүлзада Абдалиева да катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер