КМУ СТУДЕНТТЕРИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ

  • 28.11.2017
  • 0

20-ноябрда Кыргыз мамлекеттик академиялык драмалык театрында И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин «Ийгилик, сага студент» аттуу 1-курстун студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.

КМУ СТУДЕНТТЕРИН САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛДЫ

Салтанаттуу иш-чараны окуу жайдын ректору Төлөбек Абдырахманов ачып, адам баласынын жашоосундагы эң эсте кала турган жаштыктын, шаттыктын жана романтиканын мезгилин өткөрүп жаткан студенттерди майрамы менен чын-жүрөктөн куттуктады: «Студенттик күндөр ар бир адамдын бешенесине жазыла бербейт. Студент болуу кандай бакыт?  Бул бакытты колдон чыгарбоо жана туура колдоно билүү зарыл. Коомдо, маданий тармакта жана эң башкысы билим жаатында ар дайым изденүү менен жүргүлө. Азыркы замандын талабына ылайык адам ар тараптуу болуп, алдыга өнүүгүсү абзел», – деп Президенттик стипендияга татыктуу болгон студенттерге жана  ректордук стипендиянын ээлерине Ардак грамота жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курстун студенттерине ак жол каалап, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенти, Президенттик стипендиянын ээси Арзыбек кызы Мырзайым символикалуу «Студенттик китепчелерин» жана «Билим ачкычын» Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин 1-курсунун студенти, КМУнун студенттик өкмөтүнүн президенти Кожомбердиев Мырзабекке тапшырды.

Тосуп алуу аземи КМУнун жаштар иштери боюнча комитеттин кызматкерлери тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен улантылды.

Концерттик программада таланттуу студенттердин улуттук, чыгыш бийлери, эстрадалык жана элдик ырлары аткарылып, ал эми тамашөкөй, шайыр студенттерден КВН оюн-зоок номерлери тартууланды. Таланттуу, шайыр студенттерден сырткары кыргыз элине таанымал эстрада ырчылары Султан Садыралиев, Аяр, Кайрат Кыргыз жана «Жаз» бийчилер тобу, «Дем» театры көрөрмандардын маанайын көтөрүштү. Кеченин соңунда, Япон таануу институтунун студенти чоор, чопо чоор аспабы менен аткарган А.Огомбаевдин «Эсимде» чыгармасы көрүүчүлөрдүн чоң колдоосуна татыды.

Бөлүшүү

Комментарийлер