КМУ МЕНЕН УТРК КЫЗМАТТАШАТ

  • 25.04.2023
  • 0

Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Болот Тиллебаев менен жолукту.

КМУ МЕНЕН УТРК КЫЗМАТТАШАТ

КМУ МЕНЕН УТРК КЫЗМАТТАШАТ

Жолугушууда журналистика багытындагы кадрларды даярдоо алкагында сөз жүрүп, эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү боюнча пикир алышуу болду. Ректор журналистиканын коомдогу ордун баса белгилеп, университеттин алдында «медиаборбор» түзүлүп, иштеп жаткандыгын айтты. Студенттер уюткулуу УТРКнын тажрыйбалуу адистеринин жардамында натыйжалуу тажрыйба чогултуп, келечекте кесипкөй адис болоруна ишенимин билдирди. УТРКнын башкы директору корпорация кадрларга дайым муктаж экендигин, жаштар программаларын көбөйтүү багытында телерадиопрограммалар арбын даярдалышы керектигин белгиледи.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун негизги багыттарын жана формаларын аныктап, өнөктөштүк мамилелерди түзүү, биргелешкен билим берүү, илимий, маалыматтык жана башка долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн негиз болгон кызматташтык келишимине кол коюшту.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер