КМУ ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

  • 22.04.2025
  • 0

22-апрелде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде китеп күнү белгиленип, “Университеттин сыймыктуу окумуштуулары” аттуу китеп көргөзмөсү өттү.  

КМУ ЭЛ АРАЛЫК КИТЕП КҮНҮН БЕЛГИЛЕДИ

Учурда университетте үч миңден ашуун педагог жана окумуштуу эмгектенет. Алардын ичинен элүүгө жакыны 40-50 жылдан бери университетте үзүрлүү иштеп, 200дөн ашык илимий эмгек жараткандар. Бул эмгектер бүгүнкү күндө республикадагы мектеп окуучулары менен студенттер үчүн маанилүү булак болуп кызмат кылууда.

Көргөзмөгө Эркин Токсонбаева, Панкова Татьяна, Кутанов Алымбек, Жаңыл Жумалиева, Өрнөк Сманбаев, Айчүрөк Калдыбаева, Төрөгелдиева Конуржан, Алиев Шаршенаалы, Чоров Мамат, Сыдыкова Рахима, Давлетова Чынара, Райхан Абдуллаева, Нуржан Сартбекова, Толгонай Сыдыкова сыяктуу окумуштуу-окутуучулардын эмгектери коюлду.

– Менин элүү жылдык өмүрүм ушул университетте өттү. Беш жылын окусам, 45 жылдан бери иштейм. Орус тили факультетин бүткөм. Бул жылдары жалпысынан отузга жакын окуу китебин жаздым. Учурда университеттин юбилейине карата атайын эмгектерди даярдап жатабыз. «Педагогикалык ойлордун тарыхы» деген китебим бүгүнкү күндө бүтүндөй республиканын студенттери үчүн кызмат кылууда. Ал мамлекеттик стандартка кирген дисциплина, ошондуктан баары окууга тийиш. Бирок акыркы жылдары китептер аз санда чыгып калды. Себеби окурмандар азайып, студенттер маалыматты көбүнчө жасалма интеллекттен же интернеттен алып жатат. Бирок мунун тилекке каршы, пайдасынан зыяны көп. Руханий казынаны китеп менен гана толтуруу керек. Китеп окуган сайын баланын жан дүйнөсү калыптанат, — дейт педагогика илимдеринин доктору Калдыбаева Айчүрөк.

Иш-чаранын алкагында университетте уюшулган “Жаш калемгер” клубунун мүчөлөрү өз ырларын окуп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер