КМТУда тегерек стол өттү
- 25.09.2024
- 0
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Кара-Кыргыз автономия облусунун 100 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасында стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу системасынын калыптанышы жана өнүгүшү» аттуу тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын ачылышында окуу жайдын санариптештирүү боюнча проректору Маданбеков Н.Ж. жана «Метрология жана стандартташтыруу» кафедрасынын башчысы Алмаматов Мыйманбай Закирович алып барышты. Алар өз сөздөрүндө стандартташтыруу жана метрология системаларынын өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жана Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышына тийгизген маанилүүлүгүн баса белгилешти. Ошондой эле, бул тармактар үчүн адистерди даярдоодо КМТУнун ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарада мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин жана Кыргызстандарттын өкүлдөрү, университеттин окутуучулары жана студенттери катышты. Иш-чаранын программасына стандартташтыруу системасынын өнүгүү этаптарына жана эл аралык интеграция шарттарындагы келечектүү багыттарына арналган презентациялар жана талкуулар кирди.
Комментарийлер