КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

  • 09.10.2026

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү Москва шаарында өтүп жаткан II Глобалдык санариптик форумга жигердүү катышууда.

КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлиги, Россия Федерациясынын Өкмөтү жана Москва өкмөтү тарабынан уюштурулган бул масштабдуу эл аралык иш-чара Горький паркында «Санариптик чечимдер» ИТ-форумунун алкагында уюштурулуп, ага дүйнөнүн 120дан ашык өлкөсүнөн келген ИТ-лидерлер жана алдыңкы эксперттер чогулган. КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

Үч күн бою КМТУнун өкүлдөрү форумдун пленардык жыйындарына жана воркшопторуна катышып, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу, ачык программалык камсыздоону (Open Source) киргизүү, киберкоопсуздук жана Big Data багыттары боюнча заманбап эл аралык тажрыйбаларды терең үйрөнүшүүдө.

КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

Шаар куруу жана архитектура багытындагы КМТУнун өкүлдөрү «акылдуу шаарлар» технологияларына жана ИТти заманбап архитектурага интеграциялоо сессияларына өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Бул катышуу университеттин буга чейинки биргелешкен демилгелеринин логикалык уландысы болуп калды: эске салсак, ушул жылдын апрель айында Бишкекте КМТУнун базасында Санариптик чөйрөдө балдарды коргоо боюнча россиялык Альянс тарабынан мектеп окуучулары үчүн билим берүү марафону өткөрүлгөн.

КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

Анда университеттин өкүлдөрү виртуалдык мейкиндиктеги коопсуздукка арналган «Киберсот» аттуу интерактивдүү спектаклди аткарып беришкен. Москвадагы форумдун алкагында өткөн үчүнчү күндүн маанилүү окуясы катары, Бишкек шаарынын мэриясынын Санариптик технологиялар борборунун директору Жумамүдүн Жумалиев да пленардык жыйында чыгып сүйлөп, борборубуздун санариптештирүү жана Smart City архитектурасы боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.

КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

Программадан тышкары, КМТУнун өкүлдөрү күн сайын форумдун алкагында уюштурулган ар кандай маданий иш-чараларга жана Москва боюнча таанышуу экскурсияларына катышып, дүйнө таанымын кеңейтүүгө жана эл аралык байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты.

КМТУ II Глобалдык санариптик форумга катышууда

КМТУнун өкүлдөрүнүн мындай абройлуу эл аралык аянтчага катышуусу университеттин санариптештирүүнүн флагманы жана Кыргызстандын келечеги үчүн жогорку квалификациялуу адистерди даярдоочу башкы борбор катары макамын дагы бир жолу бекемдейт.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү