КМКТАУНУН СТУДЕНТТЕРИ «КЫРГЫЗСТАНДЫН МЫКТЫ 100 СТУДЕНТИ» СЫНАГЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮ

  • 02.11.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин эки студенти —  Уланбек уулу Мээримбек жана Мамазакиров Элдос «Кыргызстандын мыкты 100 студенти» сынагынын жеңүүчүсү болду.

29-октябрда Бишкек шаарындагы «Дордой плаза» соода борборунда «Кыргызстандын мыкты 100 студенти» сынагынын жеңүүчүлөрүнө  «Кыргызстандын мыкты 100 студенти» төш белгисин, мыктылардын ийгилик жолун камтыган китеп жыйнагы, диплом жана күбөлүгүн тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган сынакты жаш ишкер Жакшылык Бекназаров уюштуруп, өткөрдү. Сынакка жети областтан 1500дөн ашык студент катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер