КМКТАУ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

  • 11.05.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети  Улуу Жеништин 75 жылдыгына карата республиканын мектеп окуучулары арасында жарыялаган көркөм окуу видео сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

КМКТАУ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Сынак Instagramдагы #кгуста2020 баракчасына жарыялоо аркылуу өткөрүлдү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан көптөгөн видеолор түштү. «Бардык мекенчил жаш катышуучуларыбызга  Ата мекенибизди даңктап,  ошону менен катар Улуу Жеңиштин урматына ата-бабаларыбыздын эрдигин даңазалап, өз чыгармачыл аракеттерин видео тасмалар аркылуу билдиргендерине терең ыраазычылык билдиребиз! Катышуучуларыбызга мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди, окууларында жетишкендиктерди каалайбыз жана үлгүлүү, татыктуу инсан болуп, элибиздин тарыхына кайдыгер карабаган мекенчил жарандардын катарын толукташат деген тилектебиз”, — дешет уюштуруучулар.

КМКТАУ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Сынактын жыйынтыгы төмөнкүдөй:

1-орун: Жанышбек уулу Чынгызбек, Жалал-Абад областы, Ала-Бука району, Көк-Таш айылы, А.Жумабаев атындагы №22 орто мектептин 10-класс;

2-орун: Бактыбеков Айтегин, Бишкек шаарындагы №68 ОТКМГ;

3-орун: Акбаралиева Сайкал, Ош областы, Кара-Кулжа району, М.Байымбетов атындагы мектеп, 11-класс;

КМКТАУ ЖЕҢИШ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН СЫНАКТЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

3-орун: Турдунбекова Аделина, А.Молдокунов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 1-класс.

 

Төмөндөгү калган катышуучуларга ыраазычылык билдирилет:

  1. Арстанбекова Алия
  2. Суеркулова Камила
  3. Омурзаков Мухаммед
  4. Абдукаримов Саид
  5. Абдукаримова Санира
  6. Азим кызы Назик
  7. Бектур кызы Перизат
  8. Омурбеков Бакай
  9. Камчыбеков Жанарбек
  10. Рамадилдеев Суйундук
  11. Жаныбекова Эркеайым
  12. Эралкан кызы Айгине
  13. Турдубаева Айжан
  14. Иманбекова Жамиля

 

Бөлүшүү

Комментарийлер