КМКТАУ   ТҮНДҮК-ЧЫГЫШ ФЕДЕРАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 01.02.2022
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо кафедрасынын башчысы  И.Суюнтбеков  Саха  Республикасынын  М.Аммосов атындагы Түндүк-чыгыш федералдык университетинин автожол факультетинин өкүлдөрү менен онлайн жолугушуу өткөрдү.

Анда биргелешкен билим берүү программасын иштеп чыгуу, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн  жогорулатуу, илимий багытта тажырыйба алмашуу, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү маселелери талкууланды.

Түндүк-чыгыш федералдык университетинин машина таануу кафедрасынын башчысы Е.Иовлева 2021-жылдын 8-декабрында КМКТАУда болгон. Анда эки университеттин тыгыз кызматташуусу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул жолку жолугушууда транспорттук-технологиялык машиналарды жана комплекстерди эксплуатациялоо; жер үстүндөгү транспорттук технологиялык машиналар жана комплекстер багыттары боюнча бакалаврдык биргелешкен окуу пландарды иштеп чыгуу макулдашылды. Ошондой эле транспорттук процесстердин технологиясы багытында магистрдик программа боюнча  да биргелешкен окуу пландарын түзүүгө кызыкдар экендигин билдиришти.

Өнөктөш ЖОЖ катары кызматташууну арттыруу максатында ушул жылдын  март-апрель айларына белгиленген автожол факультетинин 15 жылдыгына арналган конференцияга КМКТАУнун транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо кафедрасынын окутуучуларын жана  жаш окумуштууларын чакыраарын билдирди.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер