КМКТАУНУН СТУДЕНТИ ОЛИМПИАДАДА 1-ОРУНДА

  • 28.05.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин студенти Кадиева Айзат (жетекчиси — кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Орозбек кызы Элнура) профессор Муса Рыскулбековдун 110 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөн I республикалык ЖОЖдор аралык олимпиадада (онлайн) Бишкек шаарындагы 23 ЖОЖдун арасынан кыргыз тили жана адабияты боюнча 1-орунга ээ болду.

КМКТАУНУН СТУДЕНТИ ОЛИМПИАДАДА 1-ОРУНДАОлимпиада 8-апрелден 29-апрелге чейин М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин базасында өттү. Эки турда өткөн акыл таймашынын I турунда компьютердик тесттен өтүшсө, II турунда студенттердин практикалык маселелерди чечүүдө теориялык билимди колдонуу көндүмдөрү бааланды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер