“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 10.08.2023
  • 0

2023-жылдын 9-августунда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында 100 күндүк тармактык реформаларды жүргүзүү боюнча чакырыктардын биринчи тобунун ишинин жыйынтыктары, анын ичинде “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” багыты боюнча жыйын өткөрүлдү.

post.title

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын расмий башталышы 2023-жылдын 17-мартында Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын катышуусунда болгонун белгиледи. Программа Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү тарабынан иштелип чыккан реформаларды жүргүзүүнүн атайын механизми болуп саналат, “мамлекеттик органдар 100 күндүн мөөнөттө көйгөйлөрдү чечип, коюлган максаттарына жетиши керек болгон методология ”.

“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА ЖУМУШЧУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачылышы экономиканын бардык секторлоруна абдан чоң мультипликативдик натыйжа берерин баса белгиледи.

Акылбек Жапаров мындан ары “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болорун  кошумчалады.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыргандыгы жана Кыргыз Республикасында реформаларды жүргүзүүнүн жаңы инструментин ийгиликтүү киргизүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн жумушчу топтун мүчөлөрү Министрлер Кабинетинин Ыраазычылык каты менен сыйланышты:

  • Билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева,
  • Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова,
  • Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жанара Дооталиева,
  • Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Динара Урматова,
  • И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева,
  • И.Арабаев атындагы КМУнун мектепке чейинки билим берүү кафедрасынын улук окутуучусу Эльмира Тентиева.
Бөлүшүү

Комментарийлер