КИТЕПТИ БЕЛЕККЕ БЕР

  • 14.02.2024
  • 0

14-февраль — Бүткүл дүйнөлүк китепти белекке берүү күнү. Жыл сайын дүйнө эли, анын ичинде Кыргызстанда 2012-жылдан тарта китеп берүү күнү белгиленет (International Book Giving Day). Белгилүү дата балдарга, чоң кишилерге китеп бергендерди бириктирип, китепке болгон сүйүүнү арттырат.

КИТЕПТИ БЕЛЕККЕ БЕР

Эмминин баласы күндөрдүн биринде апасынан сураптыр: «Апа, эмне үчүн адамдар бири-бирине жөн гана китептерди белек кылбайт?» — деп.  Ушул суроо Эмминин китеп берүү күнүн түзүүгө түрткү болгон. Алгач Эмми 2012-жылы өзүнүн интернеттеги досторуна, кесиптештерине айтып, 14-февралды китеп берүү күнү деп демилгелеген.

Кичинекей баланын суроосу, энесинин демилгеси бул күндүн Дүйнөлүк макамын алууга түрткү болгон.

Китепти белекке берүү күнү аркылуу балдар китептен боорукерликке, достукка, өз ара көмөктөшүүгө, сүйүүгө, санаалаш болууга, деги эле баланын чыныгы инсан болуп калыптанышына пайдасы зор.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер