КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

  • 23.10.2025
  • 0

Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин китепканачысы Асыл Токторованын бир жерде агарып-көгөргөнүнө, т.а. иштегенине 40 жылдын жүзү болду. “Дарак бир жерден көгөрөт” деген накыл кепти тастыктаган Асыл Токторова өзү иштеген мектептин бүтүрүүчүсү.

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

Кесиптештеринин пикиринде, ар бир коомдун жүрөгү бар. Ат-Башы айылынын, анда жайгашкан окутуу орус тилиндеги мектептин жүрөгү — бул китепкана. Ошол жүрөктү жылуу кармап, руханий байлык менен азыктантып келген адам – Асыл Токторовна.

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

КИТЕПКЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ — ЭЛГЕ КЫЗМАТ КЫЛУУ

— Мээнеткеч, жоомарт жүрөктүү, талыкпаган эмгек ээси болгон Асыл эжейибиз китепкананы жөн эле иш орду эмес, балдардын кыялын ойготкон, билимге жол ачкан ыйык жай катары көрдү. Анын ар бир күнү – жаңы китеп, жаңы окурман, жаңы шыктануу менен өттү. Ал муундарды алмаштырды, бирок китепке болгон сүйүүгө болгон ишенимин эч качан өзгөрткөн жок. Асыл Токторовнанын эмгеги — бул бир гана китеп берүү эмес, адамдын дүйнө таанымын кеңейтүү; жаштардын келечегине жарык чачкан жолду түзүү. Бүгүн биз анын эмгегине таазим этебиз. «Китепке кызмат кылуу — элге кызмат кылуу» деген сөздүн тирүү үлгүсү болгон Асыл Токторовнадай адамдар менен сыймыктанабыз! Асыл эжейдин эмгеги тарыхта калат. Ар бир окулган китеп, ар бир шыктанган бала – анын жеңиши! – дешет кесиптештери.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер