Китепканаларды санариптештирүү үчүн форум өткөрүлдү

  • 01.10.2024
  • 0

Бүгүн  Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кыргызстандын илимин жана билимин өнүктүрүү үчүн китепканаларды санариптик трансформациялоо” аталышындагы форум өз ишин баштады.  Бул форум “Ысык-Көл-китепканалар жана коомду демократиялаштыруу” эл аралык конференциясынын алкагында өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстан жана башка чет өлкөлөрдөн келген китепканалардын, басмаканалардын жетекчилери, маалыматтык технологиялар тармагындагы адистер катышты.

Китепканаларды санариптештирүү үчүн  форум өткөрүлдү

Форумдун максаты-китепканалардын ишин заманбап технологиялар менен өркүндөтүү, электрондук ресурстар менен камсыздоо жана санариптик трансформациялоо аркылуу маалыматтык-китепканалык инфраструктураны өнүктүрүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө алдыңкы технологияларды колдонуу, китепканаларды санариптештирүү, китепкана кызматкерлеринин жаңы компетенцияларын өнүктүрүү сыяктуу маанилүү маселелер талкууланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер