“КИТЕПКӨЙ” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮН-СЫНАГЫ

  • 08.06.2022
  • 0

Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Өзгөн районундагы орто мектептердин окуучуларынын жана алардын ата-энелеринин ортосунда эки күнгө созулган китеп окуу боюнча “Китепкөй” интеллектуалдык оюн-сынагы өтүп жатат.  

Сынак залкар жазуучулардын (Ч.Айтматов, К.Жантөшов ж.б.) чыгармалары боюнча  жүрүүдө. Тамчы тамып, тамып ташты жарган сыңары, “Өзгөн айымдары” коомунун бул иш-чарасын республикалык деңгээлде алып чыкса болчудай демилгелер камтылган. Бул коом Өзгөн районундагы мектеп окуучуларына китеп окуп, сынакка катышуучуларга 200 000 сом өлчөмүндөгү байге фондун караган. Андан сырткары аталган коом институттун китеп фондусуна залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 10 томун белекке берди. Бул тууралуу окуу жайдын маалымат кызматы кабарлады.

Бөлүшүү

Комментарийлер