КИТЕП ЖАРМАНКЕСИ — 2024
- 02.09.2024
- 0
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмү Китеп жарманкесин өткөрдү.
Маалыматка ылайык, Ак-Талаа районундагы 18 жалпы билим берүүчү орто мектепте 2024-жылдын 22-августан 26-августуна чейин, ал эми райондук билим берүү бөлүмү 31- август — Эгемендүүлүк майрамы менен катар “Китеп жарманкесин” өткөрүп, коомдун өнүгүшү, келечек муундун билимдүү болушуна, мектептеги окуу китептеринин жетишсиздигин чечүүгө салым кошууга, үйдө болгон китептерди муктаждарга белек кылууга жана алмаштырууга (башка класстыкына) мүмкүнчүлүк түздү.
Айыл тургундары, ата-энелер, активист жарандар, мектеп китепканачылары активдүү катышып, колдоого алышты. Балдар колдонгон жакшы абалдагы окуу китептерин жарманкеге алып келип, алмаштырып жана билим берүүгө кайдыгер карабаган жарандарыбыз демөөрчүлук менен окуу китептерин белек кылышты.
Жалпы жарменкеде район боюнча китеп фондуна 1227 китеп белек берилип, китеп фондуна киргизилди. Ал эми класстары боюнча 986 китепти алмашууга алышты.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер