КИТЕП ОКУУ ЛАГЕРИ
- 11.06.2026
- 0
Лейлек райондук маданият бөлүмүнүн демилгеси менен айылдык китепканаларда он күндүк «Китеп окуу лагери» уюштурулду.

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн китепканасы жайкы каникулда китепкөй окуучуларды кучак жайып тосуп алды. Китепканачы Саадат Муминова «Ойлон, изден, өзгөр!» деген ураандын астында жаш окурмандарга адабий-көркөм жана илимий китептерди сунуштап, кызыктуу логикалык оюндарды үйрөтүп жатат.
Тайир АШИРБАЙ, Лейлек району
Бөлүшүү
Комментарийлер