КИТЕП — МЕНИН ДОСУМ!

  • 15.02.2024
  • 0

Лейлек районунун Казыев Кожояр атындагы орто мектебинде 14-февраль Эл аралык китеп белекке берүү күнүнө карата мектеп китепканачысы Гүлбайра Саттарова тарабынан «Китеп — менин досум!» аттуу адабий-музыкалуу кече өткөрүлдү.

КИТЕП - МЕНИН ДОСУМ!

Маалыматка ылайык, кечеде 5-“а”, “б” класстар ар түрдүү ыкмалар менен китепти сүйүүгө, урматтоого, барагын ачууга үндөдү.  Ошондой эле китеп окуунун пайдасын көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жеткире алды.

Алыкул Осмонов

Ардактуу ага-инилер, жан курбулар,

Жайдары, ачык өскөн жаш муундар.

Силерге айта турган сөзүм ушул,

Ар дайым китеп менен дос болдуңар.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер