“КИТЕП КЕРБЕНИ” КЫРГЫЗСТАНДЫН ЛИЦЕЙЛЕРИНЕ САПАРГА ЧЫКТЫ

  • 10.02.2022
  • 0

9-февралда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейде өткөрүлгөн «Китеп кербенинин» ачылышына катышты. Ал иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө заманбап гаджеттер аркылуу болсо да китеп окуунун зарылдыгын белгиледи.

“КИТЕП КЕРБЕНИ” КЫРГЫЗСТАНДЫН ЛИЦЕЙЛЕРИНЕ САПАРГА ЧЫКТЫ

“Китеп кербени” Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбор тарабынан уюштурулууда. Борбордун директору Акпаралы Карабаев «Китеп окуган жаштар» акциясынын алкагында лицейдин студенттери окуган китептерин талкуулашарын, ал эми окутуучулар китеп окуунун пайдасы, адабияттын инсандык өсүш үчүн да, кесиптик ийгилик үчүн да мааниси тууралуу класстык сааттарды өтүшөрүн айтып берди.

Карабаев эки аптадан кийин №43 кесиптик лицей китептерди Шопоков шаарындагы лицейге өткөрүп берерин, андан ары китептер Кыргызстандын башка аймактарындагы окуу жайларга жөнөтүлө тургандыгын кошумчалады.

“КИТЕП КЕРБЕНИ” КЫРГЫЗСТАНДЫН ЛИЦЕЙЛЕРИНЕ САПАРГА ЧЫКТЫ

К. Шадыханов менен А. Карабаев студенттер үчүн «Китеп кербенинин» куржунуна китептерди салышты.

№43 кесиптик лицейдин директору Бактыгүл Жусупова акция башталар алдында жаштардан сурамжылоо жүргүзүлгөнүн айтты.  Анын айтымында, студенттер ызы-чуудан алыстоо, кунт коюп окуу үчүн кагаз вариантындагы китептерди артык көрүшөт.

«Китеп кербенин» Ош облусунда да баштоо пландалууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер