КИТЕП АДАМДЫ, АДАМ ДҮЙНӨНҮ ӨЗГӨРТӨТ
- 16.05.2025
- 0
Кара-Көл шаарындагы №5 Хуриев атындагы орто мектебинин китепкана башчысы, кыргыз тили, адабияты мугалими Лилия Молдоболотова “23-апрель — Эл аралык китеп жана автордук укук” күнүнө карата мектептердин китепкана башчылары жана тарбия иштерин уюштуруучуларынын арасында шаардык иш тажрыйба жайылтуу семинарын өткөрдү.
Семинар “Китепкана – акылды сугаруунун чыныгы булагы, акылмандуулуктун казынасы” деген ураандын алдында өтүп, жаш жеткинчектерге китептин баалуулугун даңазалап, аларды китеп окууга шыктандырды. Бул күнү китепканада ар түрдүү мазмундагы иш тажрыйбанын жыйынтыктары, жетишкен ийгиликтер тууралуу маалыматтар, китеп өзүнчө бир ажайып дүйнө экенин көрсөткөн бурчтар жана акын- жазуучулардын өмүрү, чыгармачылыгы баяндалган буклеттер топтому менен көргөзмө уюштурулду. Семинардын 1-бөлүгүндө мектептин китепкана башчысы, кыргыз тили, адабияты мугалими Лилия Молдоболотова “Китеп-адамды, адам – дүйнөнү өзгөртөт” деген темада 1-5-класстардын окуучулары менен биргеликте адабий иш-чара өттү. Иш- чара китептин жаралуу тарыхы жөнүндө кызыктуу видеоролик менен башталып, андан соң жаш окурмандар жөнүндө кызыктуу маалыматтар топтомун, китеп окуу пайдасын, жорго сөздүү, уйкаш мүнөздүү калптарды, юморлорду камтыды. Ошондой эле аңгеме, жомоктор инценировкаланды. Ал эми 6-класстын окуучулары менен өткөн «Китеп-билим булагы, билим-акыл чырагы” деген аталыштагы таймаш окуучулардын китептер тууралуу маалыматтарга бай экенин көрсөттү. Андан соң китеп тууралуу обондуу ырлар, комуз күүлөрү жаңырды, кыргыз бийи бийленди. Семинардын жыйынтыктоо бөлүгүн Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинетинин башчысы Т.К. Орозова жетектеп, бул күндүн дүйнөлүк адабият үчүн чоң символикалык мааниге ээ экенин жана болуп өткөн иш-чаранын пайдалуу, кызыктуу болгонун баса белгиледи. Катышуучулар талкууга активдүү катышып, өз ойлору менен бөлүшүп, Лилия Токтосуновнага каалоолор айтылды. Бул күн жаш окурмандар үчүн да майрам болду.
ЖОЛБОРСОВА Р.С,
Хуриев атындагы №5 орто мектебинин окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары
Комментарийлер