КЭУНУН АЛДЫҢКЫ АЙЫМЫ

  • 13.03.2019
  • 0

«Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылынын тандоосу менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Жапаралиева Назира «Ала-Тоо айымы» деп табылды.

8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Ала-Тоо айымдары» коомдук-экологиялык кыймылы мамлекеттин тиреги болгон лидер аялдардын эмгегин баалап, сыйлыктарын тапшырды.  Урмат-сыйга татыган айымдардын арасынан орун алган Назира Жакыповна 29 жылдан бери педагогикалык тармакта талыкпай эмгектенип келе жатат. Ал КЭУда жаш жетекчи катары талыкпастан эмгектенип, натыйжада, окуу жайдын  мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын окутуучуларынын окуу жүгүнүн аздыгына байланыштуу “Манастаануу” сабагын киргизип, ал боюнча окуу программасын жана методикалык колдонмосун иштеп чыкты. Андан сырткары “Иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү” аттуу китебин иштеп чыгып, студенттер жана ЖОЖдор арасында алгылыктуу пикирге ээ болду.

2006-жылы “Түгөлбай Сыдыкбековдун өмүрү, чыгармачылыгын окутуу процессинде окуучулардын адабий эстетикалык билимдерин өркүндөтүү” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Учурда 45тен ашуун илимий макаласы, эки методикалык колдонмосу жана бир студенттер жана ЖОЖдор үчүн китеби, бир окуу китеби жарык көрдү.

Жапаралиева Назира «Мамлекеттик тилди үйрөтүү», «Көркөм сөз чеберчилиги» «Манастаануу» деген предметтерди жогорку деңгээлде окутуу менен студенттер арасында да кадыр-баркка ээ болуп келе жатат. 2009-жылы “Билим берүүнүн отличниги” төш белгисин алган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер