КЭУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

  • 31.10.2023
  • 0

КЭУНУН 70 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ

25-октябрда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин негизделгенинин 70 жылдыгына жана жогорку окуу жай макамындагы 25 жылдыгына арналган «Экономикалык реалдуулуктун жаңы чакырыктары» Эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Эл аралык илимий-практикалык конференцияга Кыргыз Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Болгария Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Россия Федерациясынын алдыңкы окумуштуулары, университеттеринин ректорлору жана окутуучулары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын мүчөлөрү жана Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн жана башка өлкөлөрдүн эксперттери жана адистери катышты.

Конференциянын максаты – ЕАЭБге мүчө жана КМШнын башка өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн изилдөөгө ЖОЖдордун салымын камсыз кылуу, заманбап эмгек рыногунун талаптарына жооп берген кадрлар системасын түзүүнүн алкагында эл аралык илимий жана билим берүү долбоорлорун өнүктүрүү, жаш окумуштуулардын жана адистердин эл аралык академиялык мобилдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.

Конференциянын катышуучулары дүйнөнүн социалдык-экономикалык моделин өркүндөтүү, билим берүү чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүү, транспорттук жана санариптик логистикага инновациялык чечимдерди киргизүү жана органикалык өндүрүштө жана жашыл экономикада азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин талкуулоого басым жасашты.

Иш-чарада академиялык диалог, тажрыйба алмашуу жана экономика тармагындагы жаңы идеяларды өнүктүрүү үчүн аянтча түзүлдү.
Баяндамачылар экономиканын жана билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого баалуу салымдарын кошту, ошондой эле өздөрүнүн уникалдуу изилдөөлөрү жана тажрыйбасы менен бөлүштү. Иш-чарага ошондой эле Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдөн: Венгриянын, Россия Федерациясынын, Азербайжандын жана Өзбекстандын мамлекеттик университеттеринин ректорлору катышты.

Конференцияда ректорлор Евразия профессионалдык мектептеринин консорциумун түзүү боюнча келишимге жана Новосибирск мамлекеттик экономика жана башкаруу университети менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Иш чара алкагында, Мингачевир мамлекеттик университетинин (Азербайжан Республикасы) ректору Байрамов Шахин Вагиф оглыга жана УрГЭУнун (РФ) ректору Силин Яков Петровичке КЭУнун ардактуу профессор диплому жана профессордук кийими салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Конференция «Дүйнөнүн социалдык-экономикалык модели», «Евразиялык тармактык университет: ЕАЭБдеги кесиптик-техникалык билим берүү тармагындагы кызматташуунун жаңы горизонттору», «Транспорт жана санариптик логистика: жаңы реалдуулуктар жана мүмкүнчүлүктөр» жана “Органикалык өндүрүштө жана жашыл экономикада азык-түлүк жана тамактануу коопсуздугун камсыздоо” темасындагы секциялык иштер менен уланды. Аталган секциялык иштерге 200дөн ашык катышуучулар илимий макалаларын жана презентацияларын беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер