КЭУДА «ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН: ЖАШТАР ЖАНА ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

  • 26.04.2023
  • 0

2023-жылдын 19-апрелинде Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий изилдөө университетинин экономика жана сервис колледжинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган, «Эгемен Кыргызстан: жаштар жана заманбап чакырыктар» аталышында эл аралык, ЖОЖдор аралык студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

КЭУДА «ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН: ЖАШТАР ЖАНА ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ролун жана анын маанисин, жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн, азыркы көйгөйлөр жана келечекке болгон көз караштарын талкуулоо максатында уюштурулган конференциянын жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды:

  1. Эгемен Кыргызстандагы экономикалык жана саясий-укуктук процесстер.
  2. Мамлекет менен бийликтин, коомдун жана инсандын актуалдуу маселелери: жаштардын көз карашы.
  3. Санариптик мейкиндикте жаштардын социалдык активдүүлүгү.
  4. Жашыл экономика жана туруктуу өнүгүү.
  5. Уюмду башкаруу тармагындагы заманбап чакырыктар.
  6. Кыргызстандагы туризмдин көйгөйлөрү жана келечеги.
  7. Студенттик өзүн-өзү башкаруу жана жаштардын кесиптик карьерасын башкаруу.
  8. Коомдук тамактануу тармагындагы өндүрүштүн инновациялык технологиялары.
  9. Жаштар жана ишкердик.

Иш-чараны КЭУнун ректору А.Т. Кадыралиев, илим жана мамлекеттик тил боюнча проректору, доцент Г.Т. Супаева ачып беришти. Андан тышкары пленардык жыйында чакырылган коноктор баяндама жасашты.

Конференциянын соңунда бардык катышуучуларга сертификаттар, илимий жетекчилерге ыраазычылык каттары тапшырылды.

КЭУДА «ЭГЕМЕН КЫРГЫЗСТАН: ЖАШТАР ЖАНА ЗАМАНБАП ЧАКЫРЫКТАРЫ» АТАЛЫШЫНДАГЫ КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТТҮ

Бөлүшүү

Комментарийлер