КЭУ ЖАНА ОБУДА УНИВЕРСИТЕТИ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕЙТ

  • 25.04.2023
  • 0

24-апрелде Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Алмаз Кадыралиев Обуда университетинин ректору, профессор доктор Левенте Ковач (Levente Kovács) баштаган делегация менен жолугушту.

КЭУ ЖАНА ОБУДА УНИВЕРСИТЕТИ КЫЗМАТТАШТЫКТЫ БЕКЕМДЕЙТ

ЖОЖдордун ректорлору студенттердин мобилдүүлүгүн күчөтүү, биргелешкен изилдөөлөр, жарыялоолор жана илимий иш-чаралар аркылуу окуу жана изилдөө байланыштарын кеңейте турган бир жылдык иш планын бекитишти.

Келечекте кош дипломдордун жана докторлук диссертациялардын программасын ишке киргизүү каралууда.

Обуда университети (Obuda University) QS рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 1400 университеттин жана THE рейтингинде эң мыкты 1200 техникалык университеттин катарына кирет.

Шилтеме:

https://uni-obuda.hu/

Бөлүшүү

Комментарийлер