«КЭУ сыйкыры: Ректор Балындагы Дисней жомогу»

  • 28.12.2023
  • 0

М.Рыскулбеков атындагы КЭУ ИИУда «Дисней сыйкыры» темасында салттуу Ректордун балы болуп өттү.

"КЭУ сыйкыры: Ректор Балындагы Дисней жомогу"

КЭУнун жагымдуу салтына айланган аталган жаңы жылдык иш чара  окуудагы, спорттук жана илимий иштердеги активдүүлүгү менен айырмаланган мыкты студенттердин башын бириктирди. Алар университеттин коомчулугун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн татыктуу сыйлыктарга ээ болушту.

Кеченин ачылышы университеттин ректору Кадыралиевдин жылуу сөздөрү менен башталып, студенттердин университеттин турмушуна кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Иш-чарада илимий жана маданий-чыгармачылык тармагында да өзгөчөлөнүп турган студенттерге  ректор Ардак грамоталарды жана төш белгилерди тапшырды.

"КЭУ сыйкыры: Ректор Балындагы Дисней жомогу"

«КЭУ бүтүрүүчүлөр ассоциациясы» бул кече алкагында «КЭУ ааламы» стипендиялык программасынын жыйынтыгын да жарыялап, окуу, спорт жана коомдук ишмердүүлүктө мыкты ийгиликтерге жетишкен студенттерди кубаттап, стипендияларды өз ээлерине тапшырды.

Ректордук балдын башкы өзгөчөлүгү «Дисней сыйкыры»темасы деп аталып,  жомоктогудай сыйкырдуу атмосфераны түзүлдү. Иш-чаранын катышуучулары бул түнү Дисней каармандарынын костюмдарын кийип, кечеге көрк жана уникалдуулук кошушту.

"КЭУ сыйкыры: Ректор Балындагы Дисней жомогу"

Сабактан тышкаркы жана социалдык иштер боюнча проректор А.А. Нурматованын жана “Жаштар иштери жана креативдик өнүктүрүү департаментинин” директору С. Т. Айтбосунованын жетекчилиги астында студенттер тарабынан уюштурулган динамикалуу жана кызыктуу концерттик программа көрүүчүлөргө чыныгы сыйкырчылык атмосферасын тартуулады.

Жыл сайын өтүүчү салтка айланган ректордук бал музыкага жана сыйкырга толгон жагымдуу жана салтанаттуу шартта аяктап, бардык катышуучуларга унутулгус эскерүүлөрдү калтырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер