КЭУ ДА “ФРАНЦУЗ КАРНАВАЛЫ” ӨТТҮ

  • 13.03.2023
  • 0

2023-жылдын 10-мартында М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө  университетинде (ИИУ КЭУ) Эл аралык “Франкофония жумалыгы” жана эл аралык Эне тил күнүнө карата“Карнавал” аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү.

КЭУ ДА “ФРАНЦУЗ КАРНАВАЛЫ” ӨТТҮ

КЭУнун Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасы тарабынан уюштурулган иш чарага КР Франция мамлекетинин элчиси Франсуа Делаус мырза жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Француз альянсынын директору Бегимай Исраилова, Кыргызстандагы француз тили мугалимдеринин Ассоциациясынын президенти М.С.Акчекеева, М.Рыскулбеков атындагы ИИУ КЭУ ректору А.Т.Кадыралиев жана окуу жайдын профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери, ММКнын өкүлдөрү катышты. Иш чарада Бишкек шаарындагы №6, №24, №26, №68, №70-гимназия мектептеринин окуучулары активдүүлүгүн көрсөттү.

Кечеде аталган гимназия мектептердин  окуучулары жана М.Рыскулбеков атындагы ИИУ студенттери француз тилинде көркөм окуу, сценка аткаруу,  макал-ылакаптарды айтуу жана француз тилин үйрөнүүгө шыктануу тууралуу ой бөлүшүп, ырларды, бийлерди аткарышты.

Эң мыкты аткаруучуларга сыйлыктар жана I-II-III даражадагы дипломдор, грамоталар, сертификаттар, жетекчилерине ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш чаранын негизги максаты — Эне тилди жайылтууга болгон бардык кадамдар тилдик түрдүүлүктү жана көп тилдүү билим алууга, дүйнө боюнча тилдик жана маданий салттар менен таанышуу өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, бири-бирин түшүнүү негизиндеги тилектештикти, чыдамдуулукту жана пикир алышууну чыңдоо.

Бөлүшүү

Комментарийлер