КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРАЛАР КЕРБЕНИ

  • 14.10.2022
  • 0

14-октябрда №18 кесиптик лицейинде кесиптик лицейлердин 80 жылдыгына карата иш-чаралардын кербени башталды. Ага Билим берүү жана илим министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова, ушул эле башкармалыктын башкы адиси Асыл Абдыракманова жана Республикалык илимий-методикалык борбордун директору Акпаралы Карабаев катышты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА ИШ-ЧАРАЛАР КЕРБЕНИ

 

Алгач коноктор №18 кесиптик лицейдин өндүрүш комплекси менен таанышып, шарттарды көрүп чыгышты.

Гульнур Мамырова өз сөзүндө бул өлкөдөгү эң алдыңкы лицейлердин бири экендигин билдирди.

“Кесиптик билим алуу азыр заман талабы. Андыктан силер эч качан жумушсуз калбайсыңар. Бул жерден жакшы билим алып, кесипкөй адис болуп чыгарыңарга ишенем”, — деди Мамырова.

№18 кесиптик лицейинин студенттери ар бир кесип боюнча мастер-класстарды, өздөрү тиккен улуттук, кече көйнөктөрдүн көргөзмөсүн жана концерттик программа тартуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер