КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА ОКУУДАН ӨТҮҮДӨ
- 16.04.2026
- 0
2026-жылдын 16–17-апрелинде Бишкек шаарында өлкөдөгү 50 кесиптик лицейдин өкүлдөрү үчүн лицензиялоо маселелерине арналган методикалык окутуу семинары өтүп жатат. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен «Түндүк» ачык акционердик коомунун Санариптик билим берүү департаментинин биргелешкен демилгеси менен уюштурулду.

Семинардын ачылышында министрдин орун басары Альберт Махметкулов сөз сүйлөп, бул иш-чара билим берүү тармагындагы лицензиялоонун актуалдуу маселелери боюнча маалымат берүү жана практикалык ишмердүүлүккө методикалык колдоо көрсөтүү максатын көздөөрүн белгиледи.
Анын айтымында, мындай окутуу кесиптик башталгыч билим берүү системасын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат. Ошондой эле министрдин орун басары катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, тармактын учурдагы көйгөйлөрү боюнча пикир алышты.
Окутуунун жүрүшүндө министрликтин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Акулова «Лицензиялоо» автоматташтырылган маалыматтык системасында иштөө боюнча кеңири презентация жасады. Ал эми Санариптик билим берүү департаментинин кызматкери Улук Урматбеков катышуучуларга системага кесиптик лицейлерди каттоо боюнча практикалык жардам көрсөтүүдө.
Эки күндүк семинардын алкагында ар бир катышуучу өзүнүн лицейине тиешелүү маалыматтарды системага толук жана так киргизүүгө милдеттендирилди. Бул лицензиялоо жараянын жөнөкөйлөтүп, ыкчамдатууга жана ачык-айкындуулукту камсыз кылууга өбөлгө түзөрү белгиленди.
Мындан тышкары, катышуучуларга билим берүү уюмдары үчүн лицензия алуунун милдеттүүлүгү, лицензиясыз иш жүргүзүүнүн мыйзамсыздыгы, аккредитациянын мааниси жана тиешелүү ченемдик-укуктук актылар боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилүүдө.
Ушундай эле окутуу семинары 2026-жылдын 22–23-апрелинде Ош шаарында өтүп, түштүк аймактагы кесиптик лицейлердин өкүлдөрүн камтыйт.
Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”














Комментарийлер