КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКАНЫН КЕЛЕЧЕГИ ЖӨНҮНДӨ ФОРУМ ӨТТҮ

  • 26.04.2024
  • 0

24-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова Бишкектеги №100 кесиптик лицейинде өткөрүлгөн “Жашыл энергетиканын келечеги жана жумушчу кадрлар заман талабы” аталышындагы форумга катышты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКАНЫН КЕЛЕЧЕГИ ЖӨНҮНДӨ ФОРУМ ӨТТҮ

Форумдун ишине ошондой эле Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров, Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жашыл электр станциялары ассоциациясынын төрайымы Кундуз Кырбашева, КР Министрлер Кабинетинин караштуу Жашыл энергетика фондунун өкүлдөрү катышты.

“Билим берүү жана илим министрлиги жашыл энергетиканы өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары деп эсептейт”, — деп баса белгиледи өз сөзүндө Гульнур Мамырова.

№100 кесиптик лицейдин директору Индира Карабекова жана Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунун директору Алпбек Садыров станция үчүн адистерди даярдоо жөнүндө келишимге кол коюшту.

Кесиптик лицей акыркы 10 жылда энергетика тармагы үчүн миңден ашуун адистерди даярдады. Индира Куралбекова окуу жай менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы келишимдин негизинде окуучуларга өндүрүштүк шарттарда жумушчу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө мүмкүндүк берген дуалдык окутууну өзгөчө белгиледи.

Бөлүшүү

Комментарийлер