КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН МҮЧӨЛҮГҮНӨ ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖАНА АЛАРДЫН КЕСИПТИК БИРИКМЕЛЕРИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

  • 03.02.2023
  • 0

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН МҮЧӨЛҮГҮНӨ ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖАНА АЛАРДЫН КЕСИПТИК БИРИКМЕЛЕРИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТЖАРЫЯ

 

 

  1. Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук

аккредитациялык кеңештин  мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын

кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:

Кесиптик билим деңгээли:  жогорку кесиптик билим.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

— талапкерди сунуштаган уюмдун иштеген мөөнөтү 3 жылдан кем эмес болушу;

— талапкердин билим берүү системасында же билим берүү чөйрөсүндөгү кесиптик

уюмдарда иш-тажрыйбасынын жана кесиптик байланыштарынын болушу;

— талапкердин аны сунуштаган уюмда иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес болушу.

 Жалпы квалификациялык талаптар. Төмөнкүлөрдү билүү:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

5. Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамы;

6. Билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдындагы Улуттук аккредитациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО;

7. Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун ТАРТИБИ;

8. Кыргыз Республикасынын билим берүү системасында көз карандысыз аккредитация боюнча актыларды бекитүү жөнүндө токтому;

9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120

токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

2. Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:

Тандоого катышуу үчүн документтер төмөнкүдөй ырааттуулук менен папкага (Дело №) тиркелип тапшырылышы зарыл.

— жеке арызы;

— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

— нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— паспорттун көчүрмөсү.

3. Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.

Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257.

Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 6-февралынан тартып  2023-жылдын 15-февралы, саат 18.00 чейин.

Байланыш телефону: (0312) 62-10-46, 0705155844. Кабинет № 426.

Бөлүшүү

Комментарийлер