КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ПЕКИН АЙЫЛ ЧАРБА КОЛЛЕДЖИНДЕ

  • 03.11.2026

Жогорку Кеңештин депутаттары Ырысбек Атажанов, Токтобүбү Ашымбаева жана Болот Сагынаев Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында Пекин айыл чарба кесиптик колледжинин өкүлдөрү менен жолугушту. КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ПЕКИН АЙЫЛ ЧАРБА КОЛЛЕДЖИНДЕ

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, айыл чарба багытындагы кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, тажрыйба алмашуу жана квалификациялуу адистерди даярдоо маселелерин кызуу талкуулашты. Ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланыштарды чыңдоо жана эки тарапка тең пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө токтолушту. КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ: ЖК ДЕПУТАТТАРЫ ПЕКИН АЙЫЛ ЧАРБА КОЛЛЕДЖИНДЕ

Эл өкүлдөрү бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү жана кесиптик даярдоо чөйрөсүндөгү өнөктөштүгүн андан ары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп берерине ишеним билдиришти.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү