КЕЛЕЧЕКТЕГИ КЕСИПКЕ БАГЫТ
- 14.02.2023
- 0
Аламүдүн районунун мектептеринде райондук эмгек, социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте кесипке багыт берүүнүн эки айлыгы башталды.
Аламүдүн №1 орто мектебинин базасындагы ачылыш салтанатына райондун акиминин орун басары А.Закирова катышып, бүгүн-эртең келечек кесибин тандоо алдында турган бүтүрүүчүлөргө өзүнүн каалоосун айтты.
Саналуу айлардан кийин мектеп менен коштошуп, турмуш жолуна аттанууга даярданып жаткан 9-класстын жана 11-класстын улан-кыздарына арналган иш-чарага Бишкектеги Скрябин атындагы улуттук агрардык университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, Кыргыз эл аралык университетинин (МУК), Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институту (ИСИТО), Эл аралык инновациялар университети (МУИТ) жана ошондой эле №94, №98 кесиптик лицейлердин өкүлдөрү келип, ар түрдүү кесиптердин артыкчылыктары тууралуу айтып беришти.
А.Кашыбаева,
“Кут Билим”
Комментарийлер