КЕЛЕЧЕКТЕГИ ЭКОНОМИСТТЕР КҮЧ СЫНАШАТ

  • 13.03.2019
  • 0

14-мартта Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик  курулуш, транспорт жана архитектура университетинде менеджмент боюнча ЖОЖдор аралык студенттик олимпиада өтөт.

Олимпиада студенттердин кесиптик чыгармачылык жөндөмүн аныктоо жана болочок кесибиндеги көндүмдөрдү өнүктүрүү, таланттуу студенттерди колдоо үчүн зарыл шарттарды түзүү, ошондой эле ишкердик, башкаруучулук, инновациялык жана административдик ишмердикте кадр потенциалын жогорулатууда университеттердин катышуусун күчөтүү максатын көздөйт. Анда Ж. Баласагын атындагы КУУнун, И. Раззаков атындагы КМТУнун, И. Арабаев атындагы КМУнун, Ош мамлекеттик университетинин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, М. Рыскулбеков атындагы КЭУнун, К. Карасаев атындагы БГУнун, Б.Ельцин атындагы КОСУнун, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин, Эл аралык Кувейт университетинин командалары ат салышышат.  Калыстар тобуна түрдүү ири кампаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрү кирет.

Олимпиаданын катышуучулары бир күндүн ичинде төрт баскычтан өтүшөт. Жалпы менеджмент, стратегиялык менеджмент, каржы менеджменти, персоналды башкаруу жана башкаруучулук чечимдер боюнча жеке тест тапшырышат. Андан ары сканворд чечишет жана “Менежмент илим жана башкаруу өнөрү” деген тема боюнча маалымат камтыган 5-7 мүнөттүк  ой-жүгүртүүсүн тартуулашат. Жыйынтыктоочу конкурс 30 мүнөттүн ичинде кырдаалдык тапшырманы команда менен чечүү болот жана өз чечимдерин эл алдында айтып беришет.

Изилдөө обьектиси, презентациянын формасы менен методу команда тарабынан тандалат.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча конкурстук комиссия жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орун ала тургандарды жеке, командалык мүнөздө аныктайт. Жеңүүчүлөрдү жана байгелүү орун ала тургандарды дипломдор жана баалуу сыйлыктар күтөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер