КЕЛЕЧЕККЕ БИР КАДАМ

  • 20.03.2024
  • 0

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Айдаркен шаарындагы №19 Батырбек Садыков атындагы орто мектебинин окуучулары кыялданган кесиптерине кадам таштап, Айдаркен жалпы даарыгерлик практикалоо борборуна мугалими Шарипа Байжигитованын коштоосунда сабактан кийин  саякат жасашты.

КЕЛЕЧЕККЕ БИР КАДАМ

Мекеме-ишканалар аралык өзгөчө өнөктүгүн баштаган мектептин окуучулары арзуу кылган ак халаттарды кийип алып, эсте кала турган экскурсия жасап, мына ушундай ажайып мекемеде иштөө, адамдарды айыктыруу үчүн өздөрүнө максат коюп, окууда мыкты окуучулардан болуп, сабактарды мыкты өздөштүрүү мүдөөсү менен кайтышты.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер