“КЕЛЕЧЕК ЖАРАТМАНЫ” АРКЫЛУУ КЕЛЕЧЕККЕ КАДАМ

  • 19.11.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) интеллектуалдык менчик боюнча “Келечек жаратманы” республикалык олимпиадасын жана “Мектеп патенти – келечекке кадам” аттуу республикалык сынак жарыялады.

Аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, ага жогорку класстын окуучулары жана ошондой эле 13-18 жашка чейинки ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар катыша алат. Олимпиаданы өткөрүү жөнүндө жобо менен www.patent.kg сайтынан таанышууга болот.

Ал эми “Мектеп патенти – келечекке кадам!” Эл аралык конкурсуна катышуу үчүн Кыргызпатенттин аймактардагы өкүлчүлүгүнө өтүнмөлөрдү жөнөтүү керек. Конкурстун жобосу менен  https://schoolpatent.ru/rdkyrgyz сайтынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, жеңүүчүлөр Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө карата дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышмакчы.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер